Каратоко суусу
Көрүнүш
Каратоко суусу — Кыргызстандын Чаткал району аркылуу аккан суу, Чаткал суусунун оң куймасы. Узундугу 24 км, алабынын аянты 150 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3300 м. Чаткал кырка тоосунун түндүк-батыш капталындагы мөңгүдөн башталып, кууш капчыгай аркылуу агып, Каратоко көлүнө куят, андан Чаткал өрөөнүнө агып чыгат. Куймалары: Ишенкул, Чарык-Салды, Көк-Тумшук, Өгүз-Жайлоо ж.б. Алабында мөңгү бар. Жылдык орточо чыгымы 2,60 м2/сек, эң көбү июнь–июль, эң азы февраль–мартта байкалат. Өрөөнү кооз; карагай, бадал токою ээлейт.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9