Кара-Ача (Базар-Коргон району)

Википедия дан

Кара-Ача, Базар-Коргон району, Калинин – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Беш-Бадам айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 815 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 8 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 36 км.

Кыштак 1900-жылы негизделген. Калкы 2485 (2008); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана жана мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]