Кара-Буура корукчасы

Википедия дан

Кара-Буура корукчасыКара-Буура районундагы мамлекеттик аңчылык корукчасы (заказниги). Талас Ала-Тоосунун Түндүк капталында, Аташ-Чапкан, Кашка-Суу, Тандыр сууларынын алабын ээлейт. Аянты 15,0 миң га. Азайып бараткан элик, тоо эчки, суур жана Кыргызстандын Кызыл китебине кирген аркар-кулжаны коргоо жана көбөйтүү максатында 1976-жылы уюшулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]