Кара-Буура суу сактагычы
Көрүнүш
Кара-Буура суу сактагычы — Талас өрөөнүндөгү суу сактагыч.
1965-жылы курула баштап, 1975-жылы ишке киргизилген. Негизинен сугатчылыкта пайдаланып, өнөр-жай ишканаларын суу менен камсыз кылат. Суу агымын сезон боюнча жөнгө салып турат.Узундугу 14км, эң жазы жери 3км, эң терең жери 72м, суу толгондогу аянты 28,6км2. Сыйымдуулугу 550 млн м3. Талас областынын 142 миң га жерин, Казакстандын айрым районунун 60 миң га жери сугарылат. Плотинасынын узундугу 258,5м, эң бийик жери 83,7м. Гидротехникалык курулушу татаал. Өлкөдөгү контрфорс(жеткиликсиз шилтеме) тибиндеги курулган тунгуч плотина. Бири-бирине тутумдашкан 10 бөлүктөн турат (ар биринин туурасы 22м). Суусактагыч V формасында.
Аталышы | Кара-Буура суу сактагычы |
---|---|
Аянты | 28.6км2 |
Узундугу | 14км |
Жазы жери | 3км, |
Терең жери | 72м |
Сыйымдуулугу | 550 млн м3 |
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энцклопедия борбору. Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2