Кара-Казык алтын кени

Википедия дан

Кара-Казык алтын кени Ош облусунун Алай районунда, Көксуу суусунун сол жээгинде, Караказык суусунун Көксууга куйган жерине жакын, деңиз деңгээлинен 3350 – 4300 м бийиктикте. 1977-ж. табылган. 1977–82-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы карбон-пермь мезгилинин караказык, пермь мезгилинин алаудин жана улакол интрузиялык массивдери менен жирелген, девондун доломиттеринен, карбондун акиташ, мрамор, кумдук, сланец жана конгломерат катмарларынан түзүлгөн. Рудалануу карбон–пермь гранодиоритин курчап турган тектер менен контактасы, доломит-акиташ жана акиташ-сланецтеринин интрузиянын жанындагы формация аралык контактасы жана интрузиянын жанындагы майда жаркалар менен байланышкан. Кен магмадан кийинки процесстер менен байланышып, скарн тибине жана скарн-алтын-жез формациясына кирет. Негизги руда минералдары: нукура алтын, халькопирит, борнит, кофелин, пирит, арсенопирит ж. б. Рудадагы алтындын орточо өлчөмү 10,1 г/т, күмүштүкү–41,9 г/т, жездики – 0,88%. Руданын запасы 4297 миң т, алтындыкы 43,599 т. Күмүштүн запасы 180,105 т, жездики – 38114 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]