Кара-Кече минералдуу суусу

Википедия дан

Кара-Кече минералдуу суусу – дарылык касиети бар минералдуу суу булактары. Нарын облусунун Жумгал районунда, Чаек кыштагынан 40 км түштүк тарапта, Каракече суусунун оң куймасы Катраңсайдын боюнда, деңиз деңгээлинен 3100 м бийиктикте.

1947-ж. табылып, 1960–66-ж. изилденген. Булактар карбон мезгилинин акиташ тектери менен юранын көмүрлүү чополорунун чегинде тектоникалык жаракалардан агып чыгат. К. м. с. көмүр кычкыл газдуу, тузсуз, аз минералдашкан муздак сууларга кирет. Суу тунук, жытсыз, газдуу, даамы кычкыл, температурасы 3–4°С. Булактардын дебити 0,35–0,4 л/секдан 1,0–1,5 л/секга чейин. Химиялык курамы боюнча гидрокарбонат-сульфат-кальций-магнийлүү. Эриген түрүндөгү СО2нин өлчөмү 1568 – 2335 мг/л. Жалпы минералданышы 2,6480 г/л; кургак калдыгы 1,8110 г/л. Суунун дарылык касиети Кавказдагы көмүр кычкыл газдуу нарзан сууларынан кем эмес. Сууну жергиликтүү эл ичүү менен ичеги-карын, ашказан ооруларын дарылоого медициналык кароосуз колдонушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]