Кара-Кой мөңгүсү
Көрүнүш
Кара-Кой мөңгүсү – Кичи Алай кырка тоосунун Түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Араван-Сай суусунун алабында. Узундугу 7,2 км, аянты 4,8 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4800 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4200 м. Абляциясынын аянты 3,5 км2. «Тили» морена чөкмөлөрү менен туташ капталган. Мөңгүдөн Кыргыз-Атанын башаты – Кара-Кой суусу башталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9