Кара-Корум

Wikipedia дан
Кара-Корум (2007).

Кара-Корум – байыркы моңгол мамлекетинин борбор шаары. Орхон дарыясынын баш жагында жайгашкан. 1220-жылы Чыңгыз хан негиздеген. 1260-жылга чейин империянын борбору болгон. Моңгол хандарынын өз ара чабышынан көп жолу кыйраган. Юань династиясы кулаган (1380) соң, шаар катуу бүлүнгөн. 16-кылымда ээн калган. Кара-Корумдун жайгашкан жерин 1889-жылы Н. М. Ядринцев аныктаган. Академик В. В. Радлов жетектеген экспедиция шаардын планын алгач кагазга түшүргөн. 1948–49-жылдары СССР Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү С. В. Киселёв башкарган советтик-моңголдук, 2000-жылдан моңголдук-германиялык экспедиция казуу жумуштарын жүргүзгөн. Угэдэйдин ак сарайынын калдыктары жана башка сакталган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]