Кара-Кулжа ойдуңу

Википедия дан

Кара-Кулжа ойдуңу - Тасырак-Сай менен Фергана тоолорунун аралыгында кеңдик багытта жайгашкан мегасинклиналдык ойдуң. Кара-Кулжа районунун аймагында. Узундугу 104 км, туурасы 24 км. Басымдуу бийиктиги 3200–3400 м. Ойдуңдун эң жапыз жери 780 м, бийик жери Үч-Сейит массивинде (4900 м). Кара-Кулжа ойдуңу мезозой жана кайнозой замандарында пайда болгон кумдук, конгломерат, чопо, мергель жана сланец, Тар дарыясына жакын неоген жана антропогендин конгломераттары менен борпоң тоо тектеринен турат. Климаты континенттик; июлдун орточо температурасы 15,3°C, январдыкы –14,8°С. Жылдык жаан-чачыны 571 мм. Мөңгү өрөөндүн 4,3%ин түзөт, жалпы саны 31, алардын 16сы Үч-Сейит массивинде; эң ириси – Каракол, узундугу 5,6 км, туурасы 0,9 км, аянты 4,6 км2. Кар чеги 4160 м бийиктикте жатат. Ири суусу – Кара-Кулжа. Күңүрт боз топурактуу талаа (1000–2000 м бийиктикте), каралжын тоо топурактуу бийик чөптүү шалбаалуу талаа жана токойлуу шалбаалуу талаа (2500–3000 м) ландшафттары мүнөздүү. Түздүктөрдөгү бетеге, шыбак, ит мурун, шыраалжын, улам жогорулаган сайын табылгы, кайың, жаңгак, андан ары карагай, арча менен алмашат. Нивалдык зонада альп өсүмдүктөрү басымдуу. Ессентуки тибиндеги минералдуу булактар бар. Ойдуңда Кара-Кулжа кыштагы жайгашкан. Негизинен жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]