Кара-Кулжа өрөөнү

Википедия дан

Кара-Кулжа өрөөнү - Тасыраксай м-н Фергана тоолорунун аралыгында кеңдик багытта жайгашкан.

Каракулжа районунун аймагында. Уз. 104 км, туурасы 24 км. Басымдуу бийикт. 3200–3400 м. Өрөөндүн эң жапыз жери 780 м, бийик жери Үчсейит массивинде (4900 м). К. ө. мезозой ж-а кайнозой замандарында пайда болгон кумдук, конгломерат, чопо, мергель ж-а сланец, Тар д-на жакын неоген ж-а антропогендин конгломераттары м-н борпоң тоо тектерден турат. Климаты континенттик; июлдун орт. темп-расы 15,3°С, январдыкы —14,8 С. Жылдык жаан-чачыны 571 мм. Мөңгү өрөөндүн 4,3%ин түзөт, жалпы саны 31, алардын 16сы Үчсейит массивинде; эң ириси — Каракол, уз. 5,6 км, туурасы 0,9 км, аянты 4,6 км2. Кар чеги 4160 м бийикте жатат. Ири суусу—Каракулжа. Ландшафттары: күңүрт боз топурактуу талаа (1000–2000 м), каралжын тоо топурактуу бийик чөптүү шалбаалуу талаа ж-а токойлуу шалбаалуу талаа (2500–3000 м). Түздүктөрдөгү бетеге, шыбак, ит-мурун, шыраалжын, улам жогорулаган сайын табылгы, кайың, жаңгак, андан ары карагай, арча м-н алмашат. Нивалдык зонада альп өсүмдүктөрү басымдуу. Ессентуки тибиндеги минералдуу булактар бар. Өрөөндө Каракулжа кыш. жайгашкан.Негизинен жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2