Кара-Кулжа (суу)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кара-КулжаКара дарыянын оң куймасы. Уз. 104 км, алабынын аянты 1200 км2. Фергана тоо тизмеги м-н Үчсейит тоосунун кошулушунан башталып, Фергана ж-а Тасыра кса й тоолорунун аралыгы м-н агат.

Ири куймалары: Шоорукжылга, Үчсейит, Сурташ, Токсонкемпир, Көкжаңгак (оң), Качуркөл, Кашкасуу, Талдысуу, Бешмойнок (сол) ж. б. Жылдык орт. чыгымы 21,3 м/сек. Апрель – сентябрь айларында кирип, октябрь – март айларында тартылат. Ар бир чарчы км аянтынан агып чыккан суунун модулу Кырг-ндын аймагы б-ча эң көп (22 л/сек · км2). Аты суу киргенде тоо беттеринен ар түрдүү тектерди агызып каралжын тартып, ылайланып агышынан пайда болгон. Боюнда (төмөнкү агымында) Кара-кулжа кыш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2