Кара-Кулжа суусу, Кара-Кулжа району
Jump to navigation
Jump to search
Кара-Кулжа суусу, Кара-Кулжа району – Кара-Дарыянын оң куймасы, Ош Облусунун Кара-Кулжа районунун аймагы аркылуу аккан суу. Узундугу 104 км, алабынын аянты 1200 км2.
Фергана тоо тизмеги менен Үч-Сейит тоосунун кошулушунан башталып, Фергана жана Тасырак-Сай тоолорунун аралыгы менен агат. Ири куймалары: Шоорук-Жылга, Үч-Сейит, Сурташ, Токсон-Кемпир, Көк-Жаңгак (оң), Качуркөл, Кашка-Суу, Талды-Суу, Беш-Мойнок (сол) жана башка Жылдык орточо чыгымы 21,3 м3/сек. Ар бир чарчы км аянтынан агып чыккан суунун модулу Кыргызстандын аймагы боюнча эң көп (22 л/сек.км2). Аталышы суу киргенде тоо беттеринен ар түрдүү тектерди агызып, каралжын тартып, ылайланып агышынан пайда болгон. Боюнда (төмөнкү агымында) Кара-Кулжа кыштагы жайгашкан.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9