Кара-Суу кварц куму кени

Википедия дан

Кара-Суу кварц куму кени - Баткен облусунун Лейлек районунда, Исфана шаарынан 5 км түндүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 1147–1355 м бийиктикте. 1993–94-жылдары Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кен аймагы палеозой, палеоген, төртүнчүлүк системаларынын карбонат-терриген катмарларынан турат. Кварц куму палеогендеги сузак катмарчасы менен байланышып, үч кабатка бөлүнгөн. Кумдун Орточо калыңдыгы 25,05 м. Кум ылгоодон кийин айнек идиш, бөтөлкө, изолятор, түтүкчө, такта айнек жасоого жана айнек кебезин өндүрүүгө жарамдуу. Запасы В категориясы боюнча 1494 миң тонна, С1 – 5380 миң тонна

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]