Кара-Суу (Нарындын сол куймасы)

Википедия дан

Кара-СууТоктогул районундагы суу, Нарындын сол куймасы.
Узундугу 89 км, алабынын аянты 1080 км².
Фергана тоо тизмегинин түндүк капталындагы Капка-Таш жана Кара-Суу көлдөрүнөн башталат. Жогорку агымы Капка-Таш аталып, өрөөнү кууш. Тоодон чыга бериште өрөөнү кеңеет да, Нарынга сол жактан куят.
Жылдык орточо чыгымы 10,4 км³/сек. Көп чыгымы июнда, азы мартта байкалат. Май айында кире баштап, ноябрда тартылат.
Ири куймалары: Кайыңды-Суу (32 км), Жаңгакты (15 км), Шылдырак (13 км) жана Кара-Багыш (12 км).
Сугатка пайдаланылат.
Жээгинде Кара-Көл шаарчасы жайгашкан.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз жергеси. Энциклопедия. Кыргыз ССР Илимдер Академиясы. Башкы редактору М.Борбугулов. Фрунзе-1990ж.