Кара-Тай, Кара-Суу району
Көрүнүш
Кара-Тай, Кара-Суу району – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Нариман айыл округуна караштуу. Ош-Хорог автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1340 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 52 км түштүк-чыгыш тарапта. Ош темир жол станциясынан 22 км. Калкы 2430 (2007); негизинен мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9