Кара-Шоро жаратылыш паркы

Википедия дан

Кара-Шоро жаратылыш паркыӨзгөн районунун аймагында. 1996-жылы уюшулган. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы минералдуу булак чыккан, токой, шалбаа өсүмдүктөрү жакшы сакталган аймакты камтыйт. Аянты 845 га. Паркта Батыш Теңир-Тоо менен Памир–Алай тоо тармактарына мүнөздүү ажайып токойлор (карагай, жаңгак-жемиш, арча), бийик шалбаа өсүмдүктөрү, бадалдар жана алардын арасында ар түрдүү жаныбар бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]