Кара-Үңкүр жана Оттук капчыгайы

Википедия дан
Аталышы Кара-Үңкүр жана Оттук капчыгайы
Жалпы маалымат
Жайгашкан жери Нарын областы
Узундугу 35 км
Терең жери 3 км
Деңиз денгээлинен бийиктиги 3000 м

Кара-Үңкүр жана Оттук капчыгай ички Теңир-Тоодо. Нарын районунун аймагында. Соң-Көл жана Байдулу тоолорунун ортосунда, Кара-Үңкүр жана Оттук суусу аккан багытта түндүктөн түштүккө карай 35 кмге созулат. Таманынын эң жазы жери (Оттук кышнын түндүгүндө) 2–3 км, кууш жери 400–600 м. Таманынын эң жапыз жери 2450 м, бийик жери 3000 м бийиктикте. Капчыгай карбондун сланец, акиташ теги,кон- гломерат тектерин суу жеп, үбөлөнүүсүнөн пайда болгон. Негизинен V сымал капчыгай. Капчыгай аркылуу Бишкек—Торугарт авто жолу өтөт.

Фергана өрөөнү өзүнүн бай дыйканчылык маданияты менен байыртадан эле даңкы чыгып келген. Кубаттуу дарыялардын артериялары: Нарын, Кара-Дарыя жана алардын кошулушунан жаралган Сыр-Дарыя өрөөндү кеңдик багытта кесип өтөт. Түркстан кырка тоолорунан агып түшкөн тоо суулары — түштүктө Куршаб, Ак-Буура, Араван, Исфайрам, Сох, Исфара ж.б., Фергана тоо кыркаларынан агып түшкөн суулар — чыгышта Кара-Үңкүр, Көгарт; Чаткал тоо кыркаларынан агып түшкөн суулар — түндүктө Касан, Патша-Ата ж.б. суулар тоо этектериндеги түздүктөрдүн күрдүү жерлерин сугарып, өрөөндүн борпоң топурактуу кыртышында ар түрдүү өсүмдүктөрдүн бай түшүмдүүлүгүн камсыз кылып турган. Бул жер адам багып өстүргөн өсүмдүктөргө гана бай болбостон, Ферганага канатташ жаткан тоолуу капчыгайлар менен өрөөндөрдө, баарынан мурда Кетмен-Төбөдө, Алайда жана Чаткалда байыртадан көчмөн малчыларды өзүнө тарткан эң бай жайлоолор да орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

БАЙЫРКЫ ФЕРГАНА(жеткиликсиз шилтеме)