Кара алп бүркөкчү

Википедия дан

Кара алп бүркөкчү (Carabus (Pseudotribax) validus), (Kraatz, 1884) - Фергана тоо кыркалары үчүн эндемикалуу, байыркы олиготиптик түркүмчөнүн эки түрүнүн бири , зоогеографиялык жана генофондду сактоо аспектилери боюнча илимий мааниги ээ.

Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Денесинин узундугу 25–36 мм чоңураак келген коңуздун түрү. Башы жоонойгон, алдынкы аркасынын түбүнөн баштап капталдары боюнча билинер-билинбес чуңкурчалар жайгашкан. Үстүнкү канаттары алдынкы аркасынан бир аз чоң, ортосу чатырга окшоп бир аз көтөрүлүп турат. Үстүнкү канаттарынын бети майда чуңкурчалуу. Толугу менен кара түстө, үстү анча жылтырабайт. Жыныстык диморфизм анча өнүккөн эмес.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түрдүн ареалы толугу менен Кыргызстандын чегинде. Фергана тоо кыркаларынын ортоңку алкагынын эки жагын, ошондой эле анын түндүк-чыгыш тармагы болгон Көкиримди жана Батыш Акшыйрак тоо кыркаларын (Чаарташ тоо кыркалары менен) камтыйт.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Деңиз деңгээлинен 1400–2500 м бийиктикте жайгашкан токой тилкелеринин чет жакаларындагы ачык жерлерди (жаңгак-жемиш, арча, бадал биоценозду) каалашат. Төмөнкү бадалдуу зоналарда өзөн-сууларга тартылышат . Жогору жакта түбү шагылдуу арча токойлоруна чейин кездешет.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абдан аз. Атайылап издегенде алардын чоңдугуна, көзгө көрүнүктүүлүгүнө карабастан бир күндө 3–4 гана жетилген коңуз кезиккен. Мал көп жайылган айдоо жана чытырман бадалдар кыркылган жерлерде кездешпейт . Популяцияда эркек жана ургачыларынын саны болжол менен бирдей . ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Жетишерлик изилденген эмес. Жылына бир муун берет. Личинка жана имагосу багытталбаган жырткычтар. Имаголору май – июнң айларында кездешет. Көбүнчө кечкурун аңчылык кылышат, күн бүркөктө күндүзү да чыгышат .

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түрдүн сейректигинин себептери акырына чейин түшүнүксүз. Түрдүн ареалы токой тилкелериндеги талааларды иштеттүүнүн, пестициддери пайдалануунун натыйжасында кыскарышы ыктымал. Өзүнчө бир жерлерде обочолонгон популяцияга имбридингдин (жакындар менен аргындашуу) натыйжасында тукуму начарлоо, тукум куруу коркунучу келип чыгышы мүмкүн. Коңуздар жана алардын личинкалары менен омурткалуу жаныбарлар азыктанышат.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колго багуу жүргүзүлгөн эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы мезгилде Кыргызстанда корголбойт.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Антропогендик оорчулуктарды азайтуу менен кичи коруктарды түзүү, жердеген жерлерин алгачкы калыбында сактоо. Түрдүн таралышын, личинкаларынын тириличилигин тактоо, ошондой эле популяцияларга мониторинг жүргүзүү зарыл.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

II категория (VU B1b(iii)+2b(iii,iv); C2b). Чарбачылык зоналарында бириндеп жашаган ареалы тар сейрек кездешүүчү түр , энтомофаг.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]