Кара боорлор

Википедия дан
Чыгыш карабоор (Pterocles orientalis).

Кара боорлор (Pterocles) – куштардын көгүчкөн сымалдар түркүмчөсү. Узундугу 22-40 см, салмагы 200-600 г. Денеси жумуру, канаттары тез учууга ылайыкташып, узун, ичке, учтуу, жүнү жыш, саргыч күрөң, чаар. Буттары кыска, арткы манжасы редукцияланган же такыр жок. Кээ бир түрүнүн манжалары биригип өскөн. Кургак талаада жана чөлдө жашайт, суу ичүү үчүн алыска учат. Балапандарына сууну жемсөөсүндө жана сууланган жүнү менен алып келет. Кара боордун 1 тукуму, 2 уруусунун 16 түрү бар. Келгин куштар. КМШ өлкөлөрүндө 2 түрү ак боор (Р. alchata) жана кара боор (Р. orientalis) Борбордук Азияда кездешет. Кыргызстанда Ысык-Көлдүн батышында, Нарын, Талас өрөөнүндө таралган. Жерге уялап, 2-3 жумуртка тууйт. Жумурткасын эркек, ургаачысы басып чыгарышат. Балапаны жумурткадан калың тыбыт менен капталып чыгат. Урук, жемиш, бүчүр жана курт-кумурска менен азыктанат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]