Чыгыш карабоор

Википедия дан

Чыгыш карабоор (Pterocles orientalis), (Linnaeus, 1758):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пиреней жарым аралы, Африка, Кичи, Алдыңкы, Орто Азия, Түштүк Казакстан жана Кавказ сырты. Республикабыздын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жашайт. Уялоодо Ысыккөлдүн батыш жээгинде, Атбашы жана Нарын дарыяларынын өрөөндөрүндө, ошондой эле Кочкор ойдуңунда кездешет .

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уялоочу биотоп болуп деңиз деңгээлинен 1500 м бийиктиктен 2000 м бийиктикке чейинки чополуу, кемпир муштум, төө куйрук жана баялыш өскөн тайпак тоолор, кээбир учурларда бадалсыз жерлер эсептелет. Кыл куйруктан айырмаланып, тоо-этектеринде аз өсүмдүктүү чоң эмес түздүктөрдө уялоону артыксынтат .

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Так маалымат жок, бирок бардык жерде саны төмөн. Кездешкен үйүрлөрдө бир нече жуптан ондогон жупка чейин жана андан көбүрөөк болот . ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Жазында эрте келет, марттын ортосунда эле кездешет. Учуп өтүү апрелдин ортосуна чейин уланат. Уялоого салыштырмалуу кеч киришишет, көбөйүү маалы абдан чоюлган. Бул кайталап жумуртка туушу менен түшүндүрүлөт . Үч, кээде эки жумуртка тууйт. Негизинен ургаачысы басат, эркеги аз убакытка гана аны алмаштырып турат. Балапандарына экөө тең кам көрөт. Сууга жубу менен же топтошуп учуп барышат, балапандарына сууну жемсөөсүндө алып келишет . Азыктануусунун негизин чөл өсүмдүктөрүнүн уруктары түзөт, бүчүрлөрдү жешет, күзүндө жыйналган жана мал тебелеген талааларда да азыктанышат .

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашаган аймактарында мал жайуу, жаш карабоорлорду жок кылуучу чабандардын иттери жана браконңерчилик.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атайын коргоо иш-аракеттери иштелип чыккан эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уялоо аймактарында мал жаюуга тыюу салуу. Браконңерликке каршы күрөшүүнү күчөтүү, түрдү коргоону кеңири пропагандалоо.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VI категория. Near Threatened, NT. Аз сандуу, аз изилденген түр. Кыргызстанда Pterocles orientalis arenarius (Pallas, 1775) түрчөсү кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]