Кара куш
Кара куш (лат. Aquila nipalensis, Hodgson, 1833)
Жалпы жана өлкөдө таралышы[оңдоо | булагын оңдоо]
Кургак боздоңдор жана Евразиянын түндүк чөлдөрү, Дунай дарыясынын ылдыйкы агымынан тартып Байкал жана Сары деңиздин жээктерине чейин, түштүктү карай түндүк-батыш, чыгыш жана Түштүк Африканы көздөй, Орто жана Борбордук Азиянын чөлдөрүндө . Кыргызстанда учуп келген мезгилде гана учурайт.
Жашаган аймактары[оңдоо | булагын оңдоо]
Тоо этектериндеги ачык жерлер.
Саны[оңдоо | булагын оңдоо]
Чүй өрөөнүндө келгин мезгилде гана кездешет. 1995-жылы Жарлыкайынды капчыгай этегинде 11 особу, ал эми 2001-жылы Виноградный айылынын айланасында 2 особу катталган.
Чектөөчү факторлор[оңдоо | булагын оңдоо]
Түздөн-түз кыруу, уяларын талкалоо, ЛЭП зымдарына урунуп өлүшү.
Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[оңдоо | булагын оңдоо]
Келгин куш. Уясын жерге, чоң эмес бадалдардын арасына, жарларга салат. Азыгынын негизин орто өлчөмдөгү кемирүүчүлөр түзөт.
Көбөйтүү (колдо багуу)[оңдоо | булагын оңдоо]
Маалымат жок.
Уюштурулган коргоо аракеттери[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргызстандын территориясында мамлекеттик коргоого алынган жаныбарлардын тизмесине 1975-жылы киргизилген. «Жапайы фаунанын жана флоранын жоголуп бара жаткан түрлөрдү соода-сатык боюнча эларалык конвенциясынын» 1-тиркемесине киргизилген.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер[оңдоо | булагын оңдоо]
Браконңерлер менен күрөшүү. Массалык-маалымат каражаттары аркылуу эл арасына түрдү коргоо боюнча пропаганда жүргүзүү. Уялоочу жерлерин мүмкүн болушунча таап коргоо, ӨКЖА түзүү.
Статусу[оңдоо | булагын оңдоо]
VI категория, Near Threatened, NT: R. Сейрек кездешүүчү түр. Кыргызстандын фаунасында бир уруунун төрт түрүнүн бирөө. A.n.orientalis Cabanis, 1854 түрчөсү кездешүүдө.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2