Кара көңдөй
Кара көңдөй (black hole) – жалпы салыштырмалуулук теориясы тарабынан орун алары алдын ала айтылган космос объектиси.
Алар өтө чоң космос телолорунун кысылуусунан, башкача айтканда гравитациялык коллапста пайда болот. Кара көңдөйдү өзүнө тартуу күчү, сырттан түшкөн газдардын тормоздук таралышы бонча байкоого болот. Азыркы көзкараш боюнча кара көңдөйлөр өтө чоң жылдыздар эволюциясынын акыркы стадиясы катары каралат. Биздин Галактикада көп сандаган кара көңдөйдүн болорун астрономдор болжолдошууда. Кара көңдөйдүн болуу мүмкүндүгүн 1798-ж. Лаплас Ньютондун тартылуу законунун негизинде алдын ала айткан болучу. Ал жарыкты өтө майда бөлүкчөлөрдүн агымы түрүндө элестеткен.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
- Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов