Карбекова Азиза

Википедия дан

Карбекова Азиза 1974-жылдын 7-январында Сузак районуна караштуу Октябрь кыштагында туулган.

  • 1991-жылы У. Абдукаимов атындагы орто мектепти алтын медаль менен аяктаган.1995-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетин аяктап, эмгек жолун 1995-жылдан ЖАМУнун “Экономика” кафедрасында окутуучу болуп иштеп баштаган.
  • 2002-2010-жылдары БатМУда “Экономикалык дисциплиналар” кафедрасынын башчысы, агрардык- экономикалык факультетте илимий иштер боюнча декандын орун басары болуп эмгектенген.
  • 2011- жылы “Жалал-Абад областынын жер ресурстарынын эффективдүү колдонулушу” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган.
  • 2011-жылдын апрель айынан бери университеттин илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенүүдө.
  • 2014-жылы доценттик наамын алган, 1 монографиянын, 1 лекциялык курстун, 1 автордук күбөлүктүн, 50 илимий макаланын, 10 усулдук колдонмонун жана 40дан ашуун сертификаттардын ээси.
  • 2010-жылы КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, КР “ Эне Даңк” медалы, 2012-жылы «КРнын билим берүү отличниги» төш белгиси, 2013-жылы КР «Баатыр эне» ордени менен сыйланган.
  • 2014 жылы КР «Акыл Тирек» номинациясы ыйгарылган, Жалал- Абад шаарынын «Ардактуу атуулу».
  • Үй-бүлөлүү 5 кыз, 2 уулдун бактылуу энеси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3