Мазмунга өтүү

Карбеков Жумабек

Википедия дан

Карбеков Жумабек Камчыбекович. 1972-жылы 10-июнунда Сузак районунун Октябрь айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 7 баланын атасы.

  • 1989- жылы Макаренко атындагы орто мектебин аяктаган, 1993-жылы Россия Федерациясындагы Новосибирск шаарындагы жогорку аскер окуу жайын ийгиликтүү аяктап Кыргызстанга аскердик кызмат кылганы кайтып келген.
  • 25 жылдан ашуун аскер кызматында, Кыргызстандын жергесинен сыртка чыкпай кызмат кылган.
  • Эгемендүү Кыргызстандагы болуп өткөн, болуп жаткан тарыхый окуяларда түздөн- түз катышуусу бар.
  • Элибиздин, жерибиздин бейпилдигин камсыз кылуу максатында Баткен окуясында катышкан,
  • 2005, 2010- жылдардагы Кыргызстандагы окуяларда милдетин так аткарган.
  • Көргөзгөн эрдиктери үчүн 3- даражадагы «Манас» ордени[1] менен жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган(локалдык конфликтердин катышуучусу, Баткен окуяларынын, куралдуу күчтөрүнүн, ички иштер министрликтин юбилейдик медалдары).
  • Билимин жогорулатуунун негизинде ОшМУнун юридикалык факультетинде окуган, Жалал Абад мамлекеттик университетинин аспирантурасын аяктаган.
  • 2015- жылдан баштап Кыргыз республикасынын Өкмөттүн токтому менен Кыргыз Республикасын алдында өзгөчө аткарган кызматы үчүн пенсия берилип келе жатат.
  • Аскердик чини полковник.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3
  1. Сыйлык III даражадагы "Манас" ордени Сыйлоо учурундагы кызмат орду/ишмердиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкери, капитан, Жарлыктын номери 296, Жарлык чыккан күнү 21-10-2000