Карбытоо тоосу

Википедия дан
Карбытоо, тоо‎»‎ барагынан багытталды)

Карбытоо тоосу - Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Каракол жана Кайыңды сууларынын (Нарындын сол куймалары) аралыгында батыштан чыгышты карай 31 кмге созулуп жатат. Туурасы 7 км. Орточо бийиктиги 3300–3500 м, эң бийик жери 4129 м. Суу бөлгүчү кырдуу, аска-зоолуу, мөңгүлүү. Капталдары тик, кыска жана терең кокту-колоттору бар. Тоонун чыгыш бөлүгү пермдин конгломерат, кумдук, акиташ тек-теринен, батыш бөлүгү үстүнкү карбондун алевролит, сланец, акиташ тектеринен турат. Жарым чөл, кургак талаа (1700–1800 м бийиктикке чейин), бийик чөптүү талаа жана шалбаалуу талаа (2300–2400 мге чейин), шалбаа-бадалдуу токой (2700–2800 мге чейин), субальп жана альп шалбаасы (3000–3100 мге чейин), гляциалдынивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]