Каргыш ырлары
Каргыш ырлары- оозеки чыгармачылыктагы каада-салт ырларынын түрү. Кыргыз фольклорунда К. ы. көркөмдүк түзүлүшү, мааниси, кеңири масштабда өнүккөндүгү м-н салттуу поэзиянын бир бөлүгү катары кабылданган. Мындай ырлар адамдын күнүмдүк жашоосунда турмуштук бир кырдаалдан (жек көрүү, өч алуу, ич күйүү, ардануу) улам келип чыккан. Адатта К. ы. алгач кара сөз түрүндө айтылып, кээде ар кандай магиялык күчтөр, көз боёмочулук м-н тыгыз байланышта болгон, мис., байыркы грек мифтеринде, шамандардын ырым-жырымдарында мындай көрүнүш арбын. Кийинчерээк эки же андан көп can ыр формасында айтыла баштаган (мис., Муздаган таштай бол, мүлжүлгөн баштай бол! Ичкениң ирим болсун, жегениң желим болсун! Эчкинин сүтүн жутпай кал, энеңдин үнүн укпай кал! ж. б.). Айтылган каргыш багытталган адамдын тагдырына терс таасири тийген учурлар болгон. Каргышты илгертен «касиеттүү» деп эсептелген адамдар айткан. Элдик эпикалык чыгармалардын (эпостордун, легенда, миф, уламыштардын) тексттеринде (мис., «Манас» үчилтигинде, «Эр Төштүк», «Кожожаш», «Курманбек» эпосторунда) каргыш белгилүү бир окуянын андан ары өнүгүшүнө шарт түзөт. Ал түрк тилдүү элдердин фольклорунда да кездешет. Каргыш ырлары бирөөлөрдү каргоо, жектөө, аларга жамандык тилөө үчүн жаратылган элдик оозеки чыгармалардагы лирикалык жанрдын бир түрү. Мисалы,
Муздаган таштай бол,
Мүлжүгөн баштай бол!
Күйгөн көмүрдөй бол!
Керткен дүмүрдөй бол!
Коночо конгон чечтей бол,
Туман баскан кечтей бол!
Аарчыган пияздай бол,
Куйкалаган шыйрактай бол.
Билиги жок чырактай бол!
Жыдыган каштай бол,
Жулмаланган чачтай бол!
Ичкениң ирим болсун,
Жегениң желим болсун!
Түтүнүңдү булут көрбөсүн,
Жугундуңду ит көрбөсүн!
Аргындын сүтүн жутпай кал,
Атаңдын үнүн укпай кал!
Эчкинин сүтүн жутпай кал,
Энеңдин үнүн укпай кал
Кемирчектей кепселип кал,
Кебектен бетер экчелип кал!
Кырдагы тарп малдай бол,
Кыйрап жаткан талдай бол!
Аңгекке түшкөн малдай бол,
Айрылган шакта талдай бол!
Каткан какма төөдөй бол,
Казандан түшкөн көөдөй бол!
Самандай болуп саргарып жүр,
Сан албай ойго байланып жүр!
Курмушудай кубарып жүр,
Куу санаага ууланып жүр!
Мына ушинтип эң жаман тилектер тиленип, катуу сөздөр айтылып, ыр аркылуу өз каргышын билдирген учурлар болгон. Мындай ырлар эпикалык ири дастандардын ичинде да учурайт. Муну тескери бата деп да айтууга болот. Каргыш ырлары оозеки адабияттын эң байыркы жанрларынын бири. Фольклордун башка жанрлары сыяктуу эле стадиялык өнүгүү жолу менен калыптанган. Кыргыз фольклорунда каргыш ырларынын түрлөрү көркөмдүк түзүлүшү, мааниси, кеңири тематикадагы масштабда өнүккөндүгү менен салттуу поэзиябыздын бөлүнбөгөн бир бөлүгү катарында кабылданган.
Каргыш ырлары – адамдын күнүмдүк жашоо процессинде турмуштук бир кырдаалдан (жек көрүү, өч алуу, ич күйүү, ардануу) улам келип чыккан адамдын психикалык абалынын курчушун көргөзөт. Адатта каргыш ырларынын алгачкы формасы кара сөз түрүндө болуп, көбүнчө жабык айтылуучу (заклинания, заговор) ар кандай магиялык күчтөр, манипуляция менен тыгыз байланышта болгон. Мисалы акыркы грек мифтеринде, шамандардын ритуалдарында мындай көрүнүш арбын. Кийинчерээк каргыш эки же андан көп сап ыр формасында айтыла баштаган. Ал эми оозеки маданий үлгүлөрдө каргыш кадимки поэзия түрүндө калыбына келип, өзүнчө жанр катары функцияны аткарууга жетишкен.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия:4 -том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. ISBN 978-9967-14-104-9