Кардыкыр Тоосу

Википедия дан

Кардыкыр Тоосу - Борбордогу Теңир-Тоодо; Какшаал кырка тоосунун түндүк тармагы. Чолоккапчыгай, Тасмачоңкапчыгай жана Чоң үзөңгүкууш сууларынын өрөөндөрүү менен чектешет. Тоо кендик багытында 25-30 чакырымга созулат. Туурасы 6-8 чакырым. Орточо бийиктиги 3500-4300 м, эң бийик жери 4582 м. Кыры аска-зоокалуу жана мөңгүлү. Капталдары терең, тик капчыгайлуу. Девондун кумдук, сланец, катмарланган кремний, акиташ теги, конгломерат тектеринен турат. Нивалдык-гляциалдык, субнивалдык суук чөл ландшафттары басымдуу; төмөнкү бөлүктөрүндө субальп жана альп шалбаасы, шалбаалуу талаа зоналары да кездешет. Жайкы жайыт.