Карел тили
Көрүнүш
Карел тили – карелдердин тили. Финн-угор тилдеринин Балтика боюндагы финн топчосуна кирет. Үч диалектиге (карел, ливвик же олонец жана людик) бөлүнөт. Карел диалектиси финн тилине жакын. Карел тилиндеги байыркы жазма эстеликтер 13-кылымга таандык. Адабий эстеликтеринин көрүнүктүүлөрү 19-кылымда жазылган. Карел тилиндеги «Калевала» эпосу дүйнө жүзүнө белгилүү. Жазуусу латын алфавитинин негизинде иштелип чыккан. 20-кылымдын ортосунан орус жана финн графикасын колдонушат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9