Каржы жана насыя

Википедия дан

Каржы жана насыя ― экономикалык жана акча мамилелеринин чарбалык процесстерин жөнгө салуучу механизм болуп эсептелет.

Ишкерлердин, менчиктештирүүнүн, уюмдардын жана акционердик коомдордун өнүгүшүнүн натыйжасында каржы жана насыялык каражаттар башкаруунун ролу жогорулап, каржы жана насыянын иш-аракетинин функциялык теориясын үйрөнүүнүн зарылдыгы көбөйөт. Алардын иш-аракети каржы жана насыя институттар аркылуу ишке ашат. Каржы жана насыя институтка каржы операцияларды жүргүзгөн мамлекеттик жеке жана коммерциялык уюмдар кирет.

Негизги каржы жана насыя институттар катары банктар, каржылык компаниялар, инвестициялык фонддор, сактык кассалар, пенсиялык фонддор ж.б. эсептелет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4