Каримов Саит

Википедия дан

Каримов Саит (1896, Ош (азыркы Жалал-Абад) облусу, Сузак району, Алмалуу-Булак айылы – 1988, ошол эле жер) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949). Эмгек жолун 1932-жылы Ош Облусунун Сузак районундагы «Алмалуу-Булак» колхозунда колхозчу болуп иштөөдөн баштап, 1947-жылдан жылкычы болгон. 1948-жылы 58 бээден 58 кулун алып, аман асыраган. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]