Каримов Султан

Википедия дан

Каримов Султан (1959-ж. т., Жети-Өгүз району) - эстрада ырчысы,

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2001).

Кыргыз Республикасынын эл артисти (2016).

Кыргыз мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын эстрада студиясын, 1987-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун СССР эл артисти Б. Миңжылкиевдин жана педагог С. Исмаиловдун классынан бүтүргөн.

Алгачкы чыгармачылыгын Ч. Кожомжаров жетектеген «Кыргыз эстрадасы» ансамблинен баштаган. Бүткүл союздук эстрада артисттеринин конкурсунун лауреаты, ырчылардын эл аралык фестивалынын Күмүш кубогунун ээси. композиторлор К. Молдобасанов, М. Бегалиев, К. Эралиева, А. Атабаев, М. Рыскулбеков ж. б. авторлордун ырларын аткарат.

Кыргыз, уйгур, өзбек, казак, орус, тажик, афган, грузин, түрк, азербайжан, татар, болгар, немец, араб, монгол, украин, англис, француз ж. б. элдердин ырларын эркин ырдайт.

Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын алтын фондуна 30дан ашык кыргыз ырларын жаздырган. Кыргыз эстрада добу менен КМШ өлкөлөрүндө жана 30дан ашык чет өлкөлөрдө (Монголияда, Германияда, Конгодо ж. б) гастролдо болгон, Республикада жана чет өлкөдө болгон Кыргызстандын маданий күндөрүнө, жумалыктарына арналган концерттерге такай катышат.

Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын алдындагы уйгурлардын «Итти пак», өзбектердин «Орзу» коомдорунун активдүү мүчөсү. 2000-жылдан тартыш Кыргыз достук коомдор союзу менен иштешет. «Мен кыргыз ыры, кыргыз музыкасы, кыргыз фольклору менен» деген программанын алкагында чет өлкөлүктөр менен иштешүүдө. Көптөгөн республикалык, эл аралык сыйл. лауреаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.