Каркыралар

Википедия дан
Grus rubicunda.

Каркыралар (лат. Gruidae), турналар – каркыра сымалдар түркүмүнүн турналар тукуму. Узундугу 79–152 см. Моюну, шыйрагы узун, жүнсүз, куйругу кыска, эркек, ургаачысы бирдей түстө. Манжалары кыска, жаргакча менен бириккен, арткы бармагы башкаларынан жогору жайгашкан. Учканда мойну менен буттарын созуп, кунастарга окшоп учат, алардан айырмаланып, даракка конбойт. Канаты түлөгөн мезгилде уча албайт. 5 уруусу, 14 түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө жолугат. Шыбак, бетеге, көдөө басымдуулук кылган жерди мекендейт. Жайында шалбаа, чабынды, күздүк буудай эгилген жерде жолугат. Кыргызстанда май айында уялап, чанда 3, көбүнчө 2 жумуртка тууйт. Көбүнчө өсүмдүктүн жаш бутагы, жалбырагы, уругу жана курт-кумурскалар менен азыктанат. Саны азайгандыктан, 1975-жылы коргоого алынып, Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]