Каркыра сымалдар

Википедия дан
Balearica regulorum.

Каркыра сымалдар (лат. Gruiformes) – канаттуулар түркүмү. Байыркы гетероиндик топ. Түркүмгө 8 түркүмчө кирет. К. буту жана моюну узун ири канаттуулар. Алардын эң эле чоңунун салмагы 15 кг, КМШда фаунасында эң эле кичинеси 2–3 кгга жетет.

К. куш жүнү катуу жана тыгыз, нык келет. Шыйрагынын ылдый жагында жүнү жок. Канаттары кыска жана жазы, куйругу кыска. Тумшугу узун жана күчтүү. Буттары анча узун эмес беш манжалуу.

К-дын эркеги менен ургаачысы абдан окшош, кээде ургаачысы эркегинен бир топ чоң болот. К. дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө кеңири таралган (түндүктөн жана түштүктөн башка жерде). Алар негизинен түз талаада жана саздарда байыралышкан.

Бардык К. моногамдуу куштар, жубу өмүр бою сакталат. Уясын жер үстүнө салат, арамалар жана трубалтар – дарактарга салат. Балапандары тыбыт жүн менен капталган көзү ачык чыгат. Тыбыт жүнү кургагандан кийин эле алар уядан жүгүрүп чыгып энесинин артынан ээрчип жөнөйт.

К-дын азыгы негизинин өсүмдүк, бирок кээ бир түрлөрү жандыктар менен азыктанышат.

К-дын түркүмү 6 урууга жана 3 тукумга таандык болгон 17 түрү бар: чыныгы каркыралар (Gruidae), арамалар (Aramidae) жана сурнайчылар (Psophiidae).

КМШда К-дын 7 түрү: каркыра, турна (боз каркыра), стерж, Канада каркырасы (Grus canadensis), япония (G. japonensis), даурия (G. vipio) жана кара (G. monacha) каркыралары кездешет. 1–2 чанда 3 жумуртка тууйт. Жумурткасын көбүнчө ургаачысы басып чыгарат. Каркыралар жөжө чыгаруучу куштар. ЖКЭСнун Кызыл китебине 5 түрү киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]