Кароол Дөбө

Википедия дан

Кароол Дөбөтопоним. Кытай тарапта Ак-Сайдын оң куймасы Терек суусунун баш жагында Кереге-Саздын жээгинде Кароол Дөбө деген дөбө бар. Учурунда Манас баатыр ага кароол койчу дешет. Дөбөнүн жанында "Жалгыз үй" деп аталган анча бийик эмес дөбөчө бар. Манас: "Чалк-Өйдөнү чала кел Жалгыз үйгө бара кел", — деп кароолго киши жиберчү экен. Чалк-Өйдө — Кытай тараптан узак жол жүрүп, чарчап келе жаткан кол эс алып, аттарын тойгузуп, жатканга ылайыктуу өзөн-суулуу жер. Арпанын күн чыгыш жагынын Ак-Талаа району тарабынан орун алган. Бул жерде илгери коргошун кени көрүнө эле жердин үстүндө жатчу дешет. Колунан көөрү төгүлгөн чебер усталар коргошундан ок куюп жасаган курал-жарактары менен душмандан коргонуп турганы жөнүндө элде уламыш айтылып жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]