Карымшаков Абдыкадыр

Википедия дан

Карымшаков Абдыкадыр (1898, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Алмалуу-Булак кыштагы – 1979, ошол эле жер) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Эмгек жолун 1930-жылы Ош облусунун Сузак районундагы Алмалы-Булак колхозунда колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1946-жылдан жылкычы болуп иштеген. Жылкы чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1948-жылы 50 бээден 50 кулун алып, аман асыраган. 1947–51-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]