Карыпбек Асанов

Википедия дан

Асанов Карыпбек (1947-ж. т., Ак-Талаа району, Ичке-Суу айылы) — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1990—95).
1965-ж. Бишкек финансы-кредит техникумун, 1977-ж. К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүткөн.
1965—71,-ж. Ак-Талаа райондук кредиттик, финансылык органдарда, 1971-ж. Жданов атындагы колхоздо улук экономист.
1971-жылдан комсомолдун Нарын обкомунда бөлүм башчы, Кыргызстан КП Нарын обкомунда инструктор, бөлүм башчынын орун басары, облустук айыл чарба башкармасынын начальниги, обкомдун айыл чарба бөлүмүнүн начальниги. "Орто-Сырт" колхозунун башкармасынын төрагасы, 1991—92-ж. облустук Кеңештин төрагасынын 1-орун басары, 1992—93-ж. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри, 1993—96-ж. биргелешкен Кыргыз Агробизнес Компаниясынын координатор-директору, 1997-жылдан Мамлекеттик акционердик "Айыл- техсервис" лизинг компаниясынын президенти. Медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.