Касмалиев Ажыбек Кадыркулович

Википедия дан

Касмалиев Ажыбек Кадыркулович (2.8.1958-ж.т., Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы) - коомдук ишмер.

  • Фрунзе айыл чарба техникумун (1980), Целиноград айыл чарба институтун (1989) жана Кыргыз мамлекеттик университетин (2004) бүткөн.
  • 1976-77-жылдары Кочкор районундагы “Теңдик” колхозунда жумушчу, куруучу,
  • 1980-82-жылдары Фрунзедеги Кыргыз илимий изилдөө институтунун улук лаборанты, агроному,
  • 1982-86-жылдары Нарын облустук айыл чарба башкармалыгында жерге жайгаштыруу ин-женери,
  • 1986-89-жылдары Фрунзедеги «Кыргызмамжердолбоор» институтунда жерге жайгаштырууинженери,
  • 1989-93-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш комитетинин башкы адиси, бөлүм начальниги,
  • 1993-96-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын референти, Президенттин администрациясынын агрардык саясат боюнча бөлүмүнүн эксперти,
  • 1996-97-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алдындагы Жер ресурстары жана жерге жайгаштыруу мамлекеттик агенттигинин директору,
  • 1997-99-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алдындагы Жерге жайгаштыруу, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин директору,
  • 1999-2000-жылдары Кыргыз Республкиасынын Президентинин администрациясынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн бөлүм башчысы,
  • 2000-2002-жылдары Нарын районунун администрациясынын башчысы-акими,
  • 2002-2005-жылдары Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими,
  • 2005-07-жылдары Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары,
  • 2007-08-жылдары Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору болуп иштеген.
  • 2009-жылдан «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик институт-ишканасынын директору болуп эмгектенүүдө.
  • Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6