Мазмунга өтүү

Касмамытов, Дастан

Википедия дан
(Дастан Камамытов)
(Дастан Касмамытов)
Кыргызстандык ЛГБТ активист Дастан Кастамамытов Косцюшко тоосунда
Ишмердүүлүк тармагы:

Кыргызстандык ЛГБТ+ активист, альпинист, программист.

Туулган датасы:

1991 -ж.

Туулган жери:

Бишкек, Кыргызстан

Дастан (Даник) Касмамытов (кырг. {{{1}}}; 1991 жылы Бишкекте төрөлгөн ) - Кыргызстандык ЛГБТ активист. Ал "Human Rights Watch" маалымат жыйынында берген маеги менен белгилүү, анда ал кантип милиция кызматкерлери ачыкка (аутинг кылып) чыгарып салабыз деп коркутуп акча талап кылганы туурасында бөлүшкөн. Маалымат жыйындын эртеси күнү Кыргызстандын мусульмандар дин башкармалыгы гейлерди өлтүрүүгө үндөгөн фатва чыгарган.

1991-жылы [1] [2] Кыргызстандын [3] Бишкек шаарында туулган. 2008-2025- жылдары Борбор Азиядагы Америка университетинде окуган, андан кийин 2015-2017- жылдары Осло Борбордук университетинде магистратура жактаган. Ал кесиби боюнча ал программист.

Анын айтымында өзүнүн сексуалдык багытын (ориентациясын) 16 жашында байкаган, 18 жашында достору менен, а 20 жашында ата-энеси менен бөлүшкөн.

Ал альпинизм менен алектенип жүрүп «Кызгылт чокулар» долбоорун негиздеген, анда катышуучулар 7 чокуларды багындырып асан-үсөн (ЛГБТ) желегин орнотушат. 2022-жылы Владимир Путин чокусуна көтөрүлүп орусия мамлекетинин гомофобду саясатына каршы жана Орусиянын Украинадагы согушуна каршы протест катары Украина жана асан-үсөн желектерин орноткон.

  1. Panel looks at inequities among gays globally (англ.).
  2. «ЛГБТ-флаг и флаг Украины мы поставили так, что до них трудно добраться». Как квир-активист из Кыргызстана покорил пик Владимира Путина в знак протеста против войны и гомофобии (орусча).
  3. ЛГБТ-активист из Бишкека хочет покорить самые высокие горы мира (орусча).