Касыбаев Алымбай
Көрүнүш
Касыбаев Алымбай (1894, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Дөрбөлжүн айылы – 1955, Ош облусу, Өзгөн району) – дыйкан, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949). Ош облусунун Өзгөн районундагы «Эркин-Тоо» колхозунун талаачылык бригадасынын звено башчысы (1939). Ал жетектеген звено 1948-жылы 20 га буудайдын ар гектарынан 28 цден түшүм жыйнап алган. Ленин ордени менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9