Мазмунга өтүү

Касымбай Бирназар уулу

Википедия дан

Касымбай Бирназар уулу (1873, Нарын өрөөнү — 1943, ошол эле жер)—манасчы. Тынымсейит уруусунан. Тыныбек манасчы менен тааныш болгон. "Манас" айтып калуусун кереметтүү түш көрүү менен байланыштырат. Жаш кезинде суу сугарып жүрүп уктап калса түшүндө Манас кырк чоросун ээрчитип бара жатып, "Балам, биздин баатырдык иштер жөнүндө айткың келеби?", — дейт. "Макул баатыр, айтып жүрөйүн", — деп ойгонсо жанында эч жан жок. Ошондон кийин "Манас" айтып калат. Атасы кой союп, эл чакырып бата алат. Андан эпостун "Манас" бөлүгүнөн: "Манастын бала чагы", "Жети кандын окуясы", "Көкөтөйдүн ашы", "Чоң казат", "Каныкейдин Букарга качышы";"Семетей" бөлүгүнөн: "Семетейдин Сарытазга жолугушу", "Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү","Семетей баатырдын Манастын кунун куушу", "Семетейдин кайып болушу", "Канчоронун кастыгы" эпизоддору баласы Дөөталынын айтуусунда жазылып алынган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4