Касымбекова Шарипа

Википедия дан

Касымбекова Шарипа 1949-жылы 12-октябрда Сузак районунун Тайгараев айылында туулган.

  • 1967- жылы Кызыл-Пахтачы атындагы орто мектепти,
  • 1969- жылы Айыл чарба техникумун аяктап, эмгек жолун ошол эле жылы «Тайгараев» атындагы совхоздун 1 -бөлүмүнүн бухгалтериясында эмгектенип баштаган.
  • 1972-жылы «Дружба» совхозунун бухгалтериясына которулуп,
  • 1983-жылга чейин эмгектенген.
  • 1983-1993-жылдары «Дружба» совхозунун №1 талаачылык бригадасынын бригадири болуп эмгектенип, үзүрлүү эмгеги бааланып, айылдак кеңешке депутат, жана аялдар комитетине мүчө болуп шайланат.
  • 1994-жылдан бери «Мээрим» J дыйкан чарбасынын жетекчиси, ошону менен катар W i Айылдык кеңеш кызматында, Сузак району боюнча кеңешчи болуп эмгектенет.
  • Бир канча Ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланган.
  • 5 баланын энеси.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3