Катарсис

Википедия дан

Катарсис (гр.—тазалануу, арылуу) — искусствонун адамга эстетикалык таасир этүүсүн түшүндүрүүчү көрүнүш. Аристотелдин мезгилинен бери эле колдонулуп келаткан термин. Ал окурманда, же көрүүчүдө кандайдыр бир чыгарманын күчүнөн, таасиринен улам пайда болгон кайгыруу, кубануу, таң калуу жана башка эмоционалдык абалдарды билдирет, адамдын физиологиялык жактан жеңил тартып калышын да, адептүүлүк жактан жаңы баскычка көтөрүлүшүн да өз ичине алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]