Катар (математика)

Википедия дан

Катар (математика) – белгилүү бир маанини берген математикалык символдордон турган а1, а2, ..., аn, ... удаалаштыгынын алгебралык суммасы а12+...+ аn+... (*) түрүндөгү туюнтма. Катардын мүчөлөрү сан, же функция, же вектор, же матрица жана башкаларды белгилеши мүмкүн. Ушуга жараша катар сандуу, функциялуу, векторлуу, матрицалуу жана башка деп аталат. Катардын (*) түрүндөгү кеңейтилип жазылышынын ордуна түрүндөгү кыскартылган белгилөө колдонулат. Эгер =S деген акыркы чекке ээ болсо анда ал жыйналуучу катар деп, ал эми катардын толук эмес суммасы деп аталат. Эгер катардын толук эмес суммасы удаалаштыгынын акыркы чеги жок болсо, анда ал жыйналбас катар деп аталат. Мисалы, чексиз кемүүчү ... геометриялык прогрессия жыйналуучу катар, мында |q|<1, анткени (чексиз кемүүчү геометриялык прогрессиянын суммасы), ал эми 1–1+1–1+...+1n-1 +... сан удаалаштыгы жыйналбас катар, анткени толук эмес сумманын S1 = 1; S2=0; S3=1; S4=0, ... удаалаштыгынын чеги жок. Адабияттар: Маркушевич анын ичинде Ряды. Элементарный очерк. М., 1957; Фихтенгольц Г. М. Основы математического анализа. Т. 2. М., 1964.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]