Катехоламиндер

Википедия дан
адреналин.

Катехоламиндер - айбанат менен адамдын организминде физиологиялык жана биохимиялык процесстерге активдүү катышкан пирокатехин кошундулар.

Табигый Катехоламиндерге адреналин, норадреналин жана дофамин кирет. Катехоламиндер бөйрөк үстү безинин мээ катмарынын гормону жана нерв системасынын медиатору катары вегетатив нерв системасынын симпат бөлүгүнүн абалын аныктайт жана чагылдырат, зат алмашууга, организмдин коргонуу реакциясына катышат, анын ички чөйрөсүнүн (гомеостаз) теңдештигин сактайт жана нейрогумордук тейлөөгө катышат. Ал кан, орган, ткань, заарада кездешет. Оор кара жумуш иштегенде же акыл эмгегинен өтө чарчаганда, кээ бир ооруларда (бөйрөк үстү безинин шишигинде) канда, заарада Катехоламиндер көбөйөт. Бир катар дарылар Катехоламиндерди синтездөө, бөлүп чыгаруу, топтоо жана алмашууга таасир этет. Мисалы, резерпин топтолгон Катехоламиндерди жоготот, альдомет синтез жана топтолууну басаңдатат, гуанетедин нерв импульстарын өткөрбөйт ж. б. Катехоламиндер медицинада нерв системасынын иштешин күчөтүү же начарлатуу үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.