Катла – Исландиянын түштүгүндөгү өчө элек эң чоң жанар тоо. Бийиктиги 970 м. Кальдерасынын диаметри 10 км. Дүйнөдөгү эң ири Мюрдальсйёкюдль муздугунун түштүк-чыгыш бөлүгү менен жабылып турат. 10-кылымдан бери 14 жолу катуу атылуулар, акыркысы 1918-жылы болгон. Муздук астында атылуу музду ургаалдуу эритип, суу ташкындап, жээкти суу басып калууга алып келет. Ошондуктан бул жанар тоо Исландия үчүн дайыма коркунучтуу. Кийинки учурда Катланын активдешүүсү байкалууда.