Катод

Википедия дан
Катод (Жез).

Катод (грекче kathodos – төмөн түшүрүү, кайрылуу) – 1) электрондун булагы болуп кызмат кылуучу электр боштугунун же газ разряддуу прибордун терс электроду. Ал электрод аралыгындагы мейкиндиктин боштуктагы же газдагы өткөрүмдүүлүгүн камсыз кылат. Электрондорду чыгарышына жараша термоэлектрондук, фотоэлектрондук жана муздак катод болуп айырмаланат; 2) ток булагынын (аккумулятор, гальвани элементтери жана башка) терс электроду; 3) электр жаасынын, электролит ваннасынын жана башка түзүлүштөрдүн ток булагынын терс уюлуна туташтырылуучу электроду. «Катод» терминин 1934-жылы М. Фарадей киргизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]