Катунь кырка тоосу

Википедия дан
Катунь кырка тоосу.

Катунь кырка тоосу – Алтайдын эң бийик тоолорунун бири; Алтай Республикасынын аймагында. Катунь, Аргут, Берель дарыясынын суу бөлгүчү. Дого сымал ийилип 150 кмге созулат. Катунь кырка тоосунда Алтайдын эң бийик (4506 м) чокусу – Белуха жайгашкан. Бийик тоо рельефи басымдуу. Капталдарын ээлеген күңүрт-ийне жалбырактуу тоотайга (кедр, карагай, көк карагай) токою жана жайдак аскалардын (гольцтордун) астындагы токой (кара карагай, кедр) жана сейрек токой 200–2200 м бийикте тоо тундрасы, өскүлөң шалбаалуу субальп жана жапыз өскөн шалбаалуу альп зоналары менен алмашат. Тоо кырларында жана чокуларында өрөөн жана өрөөн-төр тибиндеги мөңгүлөр (390дон ашык, жалпы аянты 283,1 км2) бар; ирилери: Мөңсу, Берель, Катунь жана башка Кырка тоонун чегинде Катунь коругу бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]