Катуу зат

Википедия дан

Катуу заттар - кадимки шартта туруктуу сырткы формалуу жана аларды түзүүчү бөлүкчөлөр (атом, молекула же иондор) белгилүү бир калыптанган тең салмактуу абалдын айланасында жай термелүүчү заттар.

Тең салмактуу абалдагы атомдорунун жайгашуу мүнөзү боюнча Катуу заттар кристаллдык жана аморфтук болуп бөлүнөт (к. Кристаллдар, Аморфтук абал). Бул учурда жалаң кристалл абалдагы Катуу заттар каралат. Жаратылышта гелийден башка бардык зат нормалдуу атмосфера басымында жана жетишерлик төмөнкү температурада катуу абалга өтөт. Суюктук менен газда көлөмдүк серпилгичтик болот, ал эми Катуу заттар болсо көлөм жана форма серпилгичтүүлүккө ээ. Катуу заттардын формасын өзгөртүү учурунда серпилгич күч пайда болуп, ал форманын өзгөрүшүнө каршылык көрсөтөт. Кристаллдык Катуу заттарды түшүндүрүү үчүн кристалл торчо деген түшүнүк киргизилип, адегенде ошол торчонун симметриясы түшүндүрүлөт. Торчонун симметриясынын негизи - анын мейкиндиктеги мезгилдүү кайталануучулугу, б. а. жарыш которгондо өзүнө өзү дал келүүсү.

Мындан башка айландыруу, чагылдыруу симметриялары да бар. Эгер кристалл торчо түйүндөрдү (атомдорду) жарыш которуу жолу менен түзсө, Браве торчосу деп аталат. Ар кандай структурадагы бардык кристаллдарды Браве торчосунун жардамы менен сүрөттөп чийүүгө болот. Бравенин 14 түрдөгү торчосу 4 типке: жөнөкөй, негизине, борборуна, грандарына топтоштурулган болуп бөлүнөт.

Катуу заттардагы атомдор, иондор же молекулалар бири бирине электр-статикалык күч таасири менен кармалып турат. Байланыш тиби боюнча Катуу заттар 5 класска бөлүнөт:

  • 1) металлдар (аларда байланыш энергиясы эркин электрондорго көз каранды). Металлдар коллективдешкен электрондордун ичине матырылган оң иондордун торчосу катары каралат;
  • 2) иондуу кристаллдардын атомдорундагы электрондор өздөрүнүн атомунан башка атомдорго өтүп, оң же терс иондорду пайда кылат. Ал иондордун ортосунда электр-статикалык тартылыш күчү аракеттенет;
  • 3) коваленттүү байланышка ээ болгон атомдук кристаллдарда (мисалы, алмаз) байланыш валенттүү электрондор аркылуу болот;
  • 4) молекулалуу кристаллдардагы начар электр-статикалык байланыш катуу абалдагы заттын молекулаларынын жана инерттүү газдын атомдорунун ортосунда болот. Көп учурда мындай байланыш Ван-дер-Ваальс күчү деп аталат;
  • 5) суутек сымал байланыштуу кристаллдарда суутектин атомуна башка эки атом тартылышып, байланышып турат, мисалы, муз. Катуу заттардын механикалык касиети (кысылуу, чоюлуу, ийилүү, согулуу сыяктуу сырткы механикалык күчкө туруштук берүүсү) алардын атомдорунун ортосундагы өз ара байланыш күчүнө көз каранды.

Айрым Катуу заттар (металлдар) созулгуч, ийилгич, айрымдары морт (кайнатма туздун кристаллы, айнек) болот. Кичирээк эле күч аракет жасаганда бардык Катуу заттардын чыңалышы (1 мм2 аянтка туура келүүчү күч) менен деформациянын ортосундагы сызыктуу көз карандылык байкалат (к. Гук мыйзамы).

Бардык Катуу заттардын ар биринин белгилүү чоңдуктагы эрүү температуралары болот. Түрдүү Катуу заттардын жылуулук жана электр өткөргүчтүгү ар башка. Электр өткөргүчтүгү боюнча Катуу заттар өткөргүчтөр, жарым өткөргүчтөр, диэлектриктер, магниттик касиеттери боюнча диамагнетиктер, парамагнетиктер жана ферромагнетиктерге бөлүнөт. Курулушта,техниканын, түрдүү тармагында - Катуу заттар механикалык касиеттерине жараша радиотехникада, электр техникада, прибор куруу ишинде алардын электрдик, магниттик, оптикалык касиеттери боюнча тандалып алынып, кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.