Катыраң тоосу

Википедия дан

Катыраң тоосуФергана ойдуңунун түштүгүндө. Чыгышында Охна-Тамаша ойдуңу, батышында Бели-Сынык тоосу, Кара-Токой–Айдаркен ойдуңу жана Фергана ойдуңунун адырлары жатат. Кадамжай районунун аймагында. Узундугу 44 км, эң жазы жери 8 км, Орточо бийиктиги 3000 м, эң бийик жери 3375 м (Катыраң чокусу). Палеозой заманында пайда болгон акиташ тегинен, тоо этектери неогендин борпоң чөкмөлөрүнөн турат. Тоонун Түндүк бөлүгүнөн байыркы муз каптоонун издери байкалат. Ландшафты бийиктик боюнча өзгөрөт. Капталдарында талаа жана шалбаалуу талаа, токой, альп жана субальп шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]