Каутский Карл

Википедия дан

Каутский Карл, Карл Иоганн (16. 10. 1854, Прага – 17. 10. 1938, Амстердам) – германиялык социал-демократиянын жана 2-Интернационалдын жетекчилеринин бири, тарыхчы, экономист, философ, публицист. 1874–79-жылдары Вена университетинде тарых, философия, экономика жана юриспруденцияны окуган. 1875-жылы Австрия социал-демократиялык жумушчу партиясына кирген. 1880–82-жылдары Цюрихте иштеп жүргөндө Э. Бернштейн менен достошкон. 1881-жылы Лондондон К. Маркс жана Ф. Энгельс менен таанышып, революциялык марксизм позициясына өткөн. 1883–1917-жылдары Германия социал-демократиялык партиясынын жана 2-Интернационалдын теориялык органы – «Die Neue Zeit» журналынын редактору. 1885-жылдан Лондондо жашап, 1890-жылы Германияга кайткан. 1880–90-жылдары «Карл Маркстын экономикалык окуусу» (1887), «Томас Мор жана анын утопиясы» (1888) жана башка эмгектеринде Маркс менен Энгельстин саясий, экономикалык, социологиялык жана философиялык идеяларын системалаштырган. 1891-жылы өзү иштеп чыккан Германия социал-демократиялык партиясынын программасынын негизинде «Эрфрут программа- сына комментарийлер» (1892) жарык көргөн. 20-кылымдын башында Каутский Россия жана башка Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү революциялык кыймылдын өнүгүшүн анализдөөчү эмгектерди жараткан. «Славяндар жана революция» макаласында (1902-жылы. «Искра» гезитине басылган) дүйнөлүк пролетардык революциянын өнүгүшү үчүн славян дүйнөсүндөгү революциялык окуяларды чагылдырган. Орус пролетариатынын революциячылдыгы Батыш Европа үчүн үлгү деп баса белгилеген. Каутский 1905–07-жылдары Россия- дагы революцияны кубаттап, «Россиядагы дыйкандар жана революция» (1905, орус тилинде), «Кыймылдаткыч күчтөр жана орус революциясынын перспективалары» (1907, орус тилинде) жана башка китепчелерди даярдаган. Кийинки мезгилдерде Каутский социал-демократия бийликке революциялык жол менен эмес, парламенттик демократиянын механизмдери аркылуу келиш керек деген оюн билдирген. 1914-жылы Каутский азыркы капитализмдин ультраимперпализм теориясын иштеп чыккан. Ал теория боюнча В. И. Ленин жана солчул социал-демократиянын өкүлдөрү иштеп чыккан империализм - бул капитализмдин өнүгүшүнүн акыркы баскычы деген тезисин жокко чыгарып, дүйнөлүк согуштун башталышында Каутский улутчул позициядагы германиялык өкмөттүн өкүлдөрүнө каршы чыгын, Германия көз каранды эмес социал-демократиялык партиясынын лидерлеринен болгон. Россиядагы Октябрь революциясын (1917) кабыл алган, большевиктердин саясаты демократия менен социализмдин идеяларына татыктуу эмес деп эсептеген [«Пролетариат диктатурасы», «Терроризм жана коммунизм», орус тилине 1919-жылы которулган]. Германиядагы Ноябрь революциясы (1918) мезгилинде немец социал-демократиясынын оппортунисттик багытын колдогон. 1922-жылы Германия социал-демократиялык партиясына кайра кирген. 1920–30-жылдары марксисттик философия менен социологиянын өнүгүшү тууралуу эмгектерин жазган ( «Үй-бүлө жана никенин пайда болушу», «Христианчылыктын келип чыгышы», «Тарыхты материалисттик түшүнүү» 1–2-т.). 1938-жылы Австрия аншлюсунан кийин Каутский Чехословакияга, андан ары Нидерландга кеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]